Кубатбек Боронов Бишкек ЖЭБин иштин сапатына көңүл бурууга чакырды

28 августа 2020 11:51 613 Barometr
Поделиться в:
ok

28-августта Премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышууга барды. Анда өкмөт башчы импорт көмүрүн ташып келүүдөгү кемчиликтери үчүн мамлекеттик органдардын ишин сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

«Улутттук энергохолдинг компаниясы» ААКтын маалыматы боюнча, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине 1 млн 110 миң тонна көмүр керектелет. Анын 760 миң тоннасы жергиликтүү өндүрүштөн, 350 миңи импорт экенин айтты. Кара-Кече көмүрүн ташып келүү иштери план боюнча жүрүп, импорт отунуна тендер өткөрүлүүдө. 

«Импорт боюнча март-апрель айларында эле  тендерлерди өткөрүү, келишимдерди түзүү иштери башталыш керек болчу. Биз ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр туруп, аларды ыкчам чечүүбүз керек. Бишкек шаарынын тургундарын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылууда энергетикалык объектилердин жетекчилери жооптуу», - деп эскертти Боронов.

Премьер-министр Бишкек ЖЭБинин көмүр кампасы, диспетчердик пункт жана жүргүзүлүп жаткан пландуу оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Анда, от казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо белгиленген мөөнөттүндө аткарылып жататканы айтылды.

«Оңдоо жумуштарынын мөөнөттөрүнө эле эмес, иштин сапатын да өзгөчө көңүл буруу керек. Кыш мезгилинде энергетикалык тутумга көп күч келерин эске алып, андан туруктуу өтүүнү камсыздоо үчүн белгиленген иштер дыкат жүзөгө ашырылууга тийиш», - деди Өкмөт башчы.

Ссылка: https://barometr.kg/kubatbek-boronov-bishkek-zhebin-ishtin-sapatyna-kl-buruuga-chakyrdy



Добавить комментарий