Кубатбек Боронов Баткенде чатак учурунда жабыркагандардан кабар алды

1 июня 2020 18:58 883 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районундагы чектеш айылдардын чатак учурунда жабыркаган жарандарынан кабар алды. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматы билдирди.  

Учурда алар Айдаркен шаарынын ооруканасында дарыланып жатышат.

Кубатбек Бороновго жарандардын саламаттыгы жана дарылануулары тууралуу айтып беришти.

Биринчи вице-премьер-министр жабыркаган жарандардын тийиштүү дарылануусун жана аларды зарыл болгон дары-дармек менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи

Ссылка: https://barometr.kg/kubatbek-boronov-batkende-chatak-uchurunda-zhabyrkagan-adamdardan-kabar-aldy



Добавить комментарий