Кубат Болотканов: Абыке, Көбөштүн урпактары дегени үчүн кечирим сурады
2017-жылы болгон президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабында иштеген Кубат Болотканов мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин таластыктарды "Абыке, Көбөштүн урпактары" деп атагандыгы үчүн кечирим сураганы тууралуу пикирин билдирди.
“Таластыктардан кечирим сурады. Абыке, Көбөштүн урпактары дегени үчүн. Ал эми убагында УКМКнын жигиттери мени курсташ балдар менен кечки тамакта олтурган жеримен алып кетишип, коркутуп-үркүтүүгө катуу аракет жасашкан. "Сен эмне учун таластык аксакалдарды апкелип, маалымат жыйын уюштурасын", "Камайбыз, Бишкектен чыкпайсын" дешип, айтор, кылбаганды кылышкан. Мен болсо, "маалымат жыйын өткөрүү качантан бери кылмыш болуп калды эле? Кайсы мыйзамды буздум" деп моюн бербейм, юрист катары. Анын үстүнө кагылып, согулуп жүрүп, алардан корко турган мезгилден эбак өтүп кеткен элем.
Ал эми КТРК болсо менин телефондук сүйлөшүүлөрүмдү "Ала-Тоодон" суткасы менен айландырып, тим эле бир террористти кармап алгандай көрсөткөн. Байкоочу кеңештин мүчөсү экениме карабай. Мен го мен, чыдап көтөрүп коем. Болгондо эле жакындарыма оорчулук келди.
Бирок, биз Алмазбек Атамбаев президенттик кызматында турган маалда "Талас элинен кечирим сура" деп, жумурай журттун алдында бетине айтканбыз. Ошондуктан, ар дайым жузубуз жарык! Ошол учурда Бишкекке келип, маалымат жыйынга катышып, Атамбаевдин бийлигинен коркпой-үркпөй кечирим суроосун талап кылган аксакалдарга дагы бир жолу таазим кылам! Талас Манастын эли, Намыстын эли! Биз жеңдик, урматтуу Таластык бир туугандар!”,-деп маалымдады Болотканов.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев президент болдуп турган маалда Болоткановду "Абыке, Көбөштүн урпагы" деп айткан.
Ссылка: https://barometr.kg/kubat-bolotkanov-abyke-kbshtn-urpaktary-degeni-chn-kechirim-surady
Добавить комментарий ×