Кубанычбек Жумалиевдин камактагы мөөнөтү 14-апрелге чейин узарды
Коррупцияга шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты, Кубанычбек Жумалиевдин камактагы мөөнөтү 14-апрелге чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Жумалиевдин камактагы мөөнөтүн узартуу тууралуу токтомду 31-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган.
Маалыматка ылайык, депутат учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.
Эскерте кетсек, Жуалиевди УКМК 4-февралда Эл аралык медициналык университетке лицензия алууда, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштыруу, салык жашыруу, мыйзамсыз баюу боюнча шектүү деп 4-апрелге чейин камакта калтырган.
Ссылка: https://barometr.kg/kubanychbek-zhumalievdin-kamaktagy-mnt-14-aprelge-chejin-uzardy
Добавить комментарий ×