Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту башталды

13 марта 2019 11:02 1356 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 13-мартта Ленин райондук сотунда Бишкектин экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун бириктирилген кылмыш ишинин сотунун экинчи жыйыны башталды.Айыпталуучуларды сот залына алып келишти.

Эскерте кетсек, 6-мартта Кубанычбек Касымбековдун судьялыгы менен башталган сот жыйынында экс-мэрлердин ишине байланыштуу дагы 12 кишиге айып тагылган. Айыпталуучулардын айрымдарынын жактоочулары келбей калганына байланыштуу соттук териштирүү иштери бүгүн, 13-мартка жылдырылган.

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушу боюнча коррупциялык ишке айыпталууда.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/kubanychbek-kulmatov-menen-albek-ibraimovdun-sotu-bashtaldy



Добавить комментарий