КТРКнын кызматкерлери үчүн атайын эс алуу залы даярдалып жатат. Эми жумуш учурунда уктоого уруксат берилет

5 февраля 2019 16:06 1222 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

КТРК эми кызматкерлер үчүн эс алуу жана уктоо үчүн атайын жайын ачууга киришти. Бул тууралуу каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн интернеттеги баракчасынан:

"Достор, мамлекеттик ишканалардын ичинен биз биринчи жолу кызматкерлерге эс алуу жайын ачууга кириштик. Жакында КТРКнын кызматкерлерине жумуш учурунда уктап алууга да шарт түзүлөт. Эс алуучу жерде кинотеатр, окуу залы жана уктоочу жай болот. Зал универсалдуу болот. Бардык КТРКнын катышуусунда жана кызматкерлердин колунан жаралган кинолор, берүүлөр, даректүү тасмалар дал ушул залда көрсөтүлөт! 2 айдын ичинде бүтүүнү пландап жатабыз. Биз өнүгүп жатабыз", -деп жаңылыгы менен бөлүштү.

Көпчүлүк каналдын өнүгүп жатканына кубанса, айрымдар "жумуш учурунда укташабы?" деп таң калышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ktrknyn-kyzmatkerleri-chn-atajyn-es-aluu-zaly-dayardalyp-zhatat-emi-zhumush-uchurunda-uktoogo-uruksat-berilet



Добавить комментарий