КТРКанын мурдакы директору Илим Карыпбеков финполицияга сурак берди
Коомдук каналдын мурдагы директору Илим Карыпбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына сурак берип чыкты.
Карыпбеков “Манас” аэропортунда директор болуп иштеп тургандагы иштер боюнча күбө катары сурак бергенин билдирди.
“Бишкектеги “Манас” аэропортун жетектеп турганымда май куюучу комплекс сатылып алынган. Ошол боюнча текшерүү жүрүп жатат”, - деди Карыпбеков.
Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына күбө катары дагы чакырылышы мүмкүн экенин четке каккан жок.
Карыпбеков Коомдук телеканалды жетектегенге чейин "Манас" эл аралык аэропортунун курамына кирген Бишкектеги аэропорттун директору болуп эмгектенген.
Ссылка: https://barometr.kg/ktrkanyn-murdaky-direktoru-finpoliciyaga-surak-berdi
Добавить комментарий ×