КТРК 2020-жылы жарнамадан 70 млн сомдой каражат тапкан
Поделиться в:
2020-жылы КТРК жарнамадан 70 млн сомдой каражат тапкан. Бул тууралуу аталган каналдын башкы директору Бахтияр Алиев парламенттин жыйынында маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.
Депутаттар КТРК бюджеттен канча каражат аларына жана жарнамадан канча табарына кызыгышты.
Алиевдин маалыматына караганда эл аралык келишимдердин негизинде канал 59 млн сом тапкан.
Былтыр КТРК бюджеттен 373 млн сом алган.
Каналдын штатында 760 адам иштейт, 6 телеканал, 3 радио жана 1 сайты бар.
Ссылка: https://barometr.kg/ktrk-2020-zhyly-zharnamadan-70-mln-somdoj-karazhat-tapkan
Добавить комментарий ×