Ташиев: Кен боюнча лицензияны шылуундар ээлеп алышкан
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев “Солтон-Сары” алтын кениндеги окуя боюнча өзүнүн позициясын жар салды. Бул тууралуу ал өзүнүн facebook’тагы баракчасына жазды.
Экс-депутат билдирүүсүндө бийликтин жалпы эле кен байлыктарды иштетүүдөгү саясатын сынга алат.
“Урматтуу эл-журт!
Солтон-Сарыда болгон окуяга унчукпай,билмексен болуп кайдыгер карап олтуруу мүмкүн эмес. Өзүмдүн жеке ой пикиримди төмөндөгү пункттар менен жарыя кыламын:
Мамлекетибиздин территориясында иштеген инвесторлордун жасаган жумуштары мамлекеттин мыйзамдарына же элдин кызыкчылыгына төп келиш керек, андай болбосо биздин өлкөдө иштөөгө тыюу салынат!
Кыргызстандагы көптөгөн тоо-кен иштеткен чет элдиктерден пайда көрбөй эле зыян тартып келе жатабыз, мисалы: Кумтөр, Чаткал-Ала Буканын ахыбалын караңыздар.
Негизинен мамлекетибиздеги алтын, көмүр жана башка кендерибиздин көпчүлүгүн бир ууч шылуундар ээлеп алышкан, алар кимдер---депутаттар, мурун-кийин чоң кызматта иштегендер, чоңдордун туугандары. Мамлекеттен лицензияны бийлигин пайдаланып алышат да кытайларга сатышат, ортодо миллиондогон доллар пайда алышат,анан ошол жалган инвесторлорду "крышевать" этишип бүт жаратылышыбызды талкалап жатышат.
Мамлекеттик бийлик ушундай шылуундарды таап чыгып жазалаш керек, элди жакырлантып, кыжырын келтиргендер мына ушулар.
Нарындык элибизге таазим,башыбызды көтөрүп,кыргыз экендигибизге дагын бир жолу сыймыктандык!
Бийликте олтургандарга айта берип тил тешилди....”, - дейт Камчыбек Ташиев.
Саясатчынын facebook’тагы мындай билдирүүсүн бир катар колдонуучу жактырса, айрымдары бөлүшүп да койгон.
Добавить комментарий ×