«КТ Мобайлдын» жетекчилигинин айлык акылары тууралуу маалымат жарыяланды
«Кыргызтелеком» ААКнын филиалы болгон «КТ Мобайлдын» жетекчилиги жана кызматкерлеринин айлык акылары тууралуу маалымат соцтармактарда жарыяланды.
Мисалга алсак, «КТ Мобайлдын» генералдык директору Нурбек Мукамбетов 350 миң сом айлык алаары көрсөтүлгөн.
«Дагы баштала элек, "Кыргызтелекомдон" болгону мамлекеттик жыштыктар гана бар, бирок өзүнө айына 300 миң сом айлык коюуп алууга жетишишиптир», - деген пикирин билдирди активист Эдил Байсалов.
«Текшерүү керек. Комитетте сурайбыз», - деп жазды Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
Эскерте кетсек, «Кыргызтелеком» «КТ Мобайл» маркасы аркылуу кезектеги уюлдук операторун рынокко чыгарууга ниеттенип жаткан.
Ссылка: https://barometr.kg/kt-mobajldyn-zhetekchiliginin-ajlyk-akylary-tuuraluu-maalymat-zharyyalandy
Добавить комментарий ×