«КТ Мобайл» боюнча жыйында коркутуулар жана бошотуулар тууралуу айтышууда

17 мая 2019 14:05 1214 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңеште бүгүн «КТ Мобайл» компаниясынын ишмердигин иликтөө боюнча биринчи жыйын өтүп жатат.   

«Кыргызтелеком» ААКнын башкаруу төрагасынын милдетин аткаруучу Эмиль Акматов «КТ Мобайл» ЖЧКсынын тегерегинде болгон чатактан кийин өз каалоосу менен  башкы директор Нурбек Мукамбетов жана анын орун басары Эрназар уулу Иманкадыр жумуштан кеткенин билдирди.   

Буга чейин белгилүү болгондой Эрназар Иманкадыр уулу «КТ Мобайл» компаниясынын орун басарлыгынан кеткени, анткени анын атасы - “Ачык өкмөт” уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы болгону маалымдалган.   

Ошондой эле жыйында «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун башкы директору  Акылбек Жамангулов Иманкадыр Рысалиев тараптан коркутуулар жана кысымдар болгонун айтты.   

Анын билдиргенине караганда телефон аркылуу жана расмий кат аркылуу Рысалиев «КТ Мобайл» долбоорун тезирээк токтотууну талап кылган. 

Бирок Жамангулов «Альфа-Телеком» компаниясынын кызыкчылыгын коргогондо Рысалиев анын үй-бүлөсүнүн коопсузугуна коркунуч болорун айткан. 

“Текшерем, каматам, укук коргоо органдарын салам, үй-бүлөңдү, аялыңды карап ал деп айтты”,-деди Жамангулов  Рысалиевдин коркутуулары тууралуу.    

Рысалиев буга чейин өкмөттө жыйын курган, ал эми анын расмий версиясы боюнча долбоорго эч катыштыгы жок.   

15-майда Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун  филиалы болгон «КТ Мобайл» ЖЧКсынын ишмердигин текшерүү маселесин көтөрүп чыгышкан. 16-майда парламент жыйынында депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамында:

СДПКдан - Жанарбек Акаев, Сайдолимжон Джураев, Айнура Осмонова, Абтандил Кулбараков, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан - Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жеенчороев, «Кыргызстан» - Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, «Өнүгүү – Прогресс- Гульшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, «Бир Бол» - Акылбек Жапаров, «Ата Мекен» - Алмамбет Шыкмаматовдор бар.

Ссылка: https://barometr.kg/kt-mobajl-boyuncha-zhyjynda-korkutuular-zhana-boshotuular-tuuraluu-ajtyshuuda



Добавить комментарий