КСДП кезексиз съезд өткөрүү тууралуу маалыматты четке какты

8 июня 2018 00:15 1271 Barometr
Поделиться в:
ok

КСДП партиясынын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахмановдун кезексиз жыйынга чакыруу тууралуу билдирүүсү эч кандай негизсиз. Бул тууралуу партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Сагынбек Абдрахманов буга чейин социал-демократтардын кезексиз жыйынына чакыруу даярдыктары башталганын жана анда Алмазбек Атамбаевди партиянын курамынан чыгаруу маселеси карала турганын айткан эле.

“Сагынбек Абдрахманов КСДПдан 2017-жылдын 9-августунда XVI съезддин чечимине баш ийбегендиги үчүн чыгарылган. Ал партиядан бөлүнүп, ошол кезде КСДПнын атынан чыккан талапкер Сооронбай Жээнбековго каршы иштерди жүргүздү деп партиялаштары тарабынан бааланган”,- деди Кундуз Жолдубаева.

Анын айтымында, Сагынбек Абдрахмановдун аракеттери партиянын чечимине карама-каршы келип, КСДПнын негизги максаттарына дал келбей тургандыгын саясий кенеш белгилеген. Анын уставына ылайык, Сагынбек Абдрахманов партиядан четтетилген.

Ссылка: https://barometr.kg/ksdp-kezeksiz-sezd-tkr-tuuraluu-maalymatty-chetke-kakty



Добавить комментарий