КСДП Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарды. Депутат эмне дейт?

30 августа 2018 14:40 1653 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан социал-демократтар партиясы Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарды. Бул тууралуу аталган  партиянын катчылыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой,  Депутатт Рыспаев партиянын негизги максаттарына, милдеттерине жана уставына каршы аракеттерди жасаган. Бирок чечимдин конкреттүү себеби айтылган жок. Мындай чечимди партиянын саясий кеңеши 29-августта өткөргөн жыйынында чыгарган. Саясий кеңеш Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттарына Кожобек Рыспаевди Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгынан, убактылуу комиссиялардагы, жумушчу топтордогу жана туруктуу делегациялардагы мүчөлүгүнөн чакыртып алуу кеңешин берди. 

Ал эми депутат Рыспаев бул боюнча пикирин билдирип, ал партиядан негизсиз чыгарылганын жана эмне себептен  мындай болгондугун КСДП фракциясы айтышпаганын билдирди. Кожобек Рыспаев  буга бир себеп болушу керектигин баса белгилеп, партиядан эмне себептен чыгарылганын тактабай тургандыгын кошумчалды. 

“Эмнеге чыгарып салдыңар деп териштирбейм. Комитеттин жетекчилигинен алууга укуктары жок. КСДП фракциясынан чыгарууга да негиз жок” - деди эл өкүлү.  

Ошондой эле буга чейинки депутаттын парламенттеги отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгынан алыныт тургандыгы боюнча " Буга бир себеп болушу керек да. Партия аны чече албайт. Эгер мен комитетте иштей албай же, жетектей албай калсам бир жөн", — дейт депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/ksdp-frakciyasy-kozhobek-ryspaevdi-partiyadan-chygardy-deputat-emne-dejt



Добавить комментарий