Крымда жардыруунун кесепетинен 10 адам каза болуп 50 дөн ашык киши жараланды
Бүгүн Крымдын "Керчь" политехникалык колледжинин ашканасында жардыруу болуп өттү. Жардыруунун кесепетинен 10 адам көз жумду жана 50дөн ашык киши жараланды.
Жаралангандарга тез жардам унаалары жетишпей калгандыктан коомдук транспорттун ээлери жардамга чакырылды.
Окуя болгон жерде газ жарылган деген божомолдор пайда болууда, бирок ал мекеме газ менен камсыздалбагандыгын "КрымИнформ" айтууда. Бирок ошентсе да газ балондор бар болушу мүмкүн деген божомолдор бар.
Жардыруу ашканада болгон үчүн жабырлануучулардын саны көп.
Албетте, терракттык жардыруу болушу да мүмкүн деген ойлор айтылууда. Жеринде иликтөө, жабыркагандарды ооруканаларга жеткирүү иштери уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/krymda-zhardyruunun-kesepetinen-10-adam-kaza-bolup-50-dn-ashyk-kishi-zharalandy
Добавить комментарий ×