Күрөш. Дүйнө чемпионаты: Нурмухаммед колунда турган колону уттурду
Кыргызстандык грек-рим күрөшчү балбан Нурмухаммед Абдуллаев 55 кило салмакта жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн япониялык Keн Mатсуи менен күрөшүп жеңилип калды.
Бул тууралуу грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курамасынын машыктыруучусу Шухрат Ушуров “barometr.kg” сайтына билдирди.
“Нурмухаммед Абдуллаев 2 ирет артыкчылыкты сактап кала албады. Бир учурда 8:2 эсебинде, дагы бир учуда 12:6 эсебинде утуп жаткан болчу. Кийинчерээк эсеп 12:9 болуп, беттештин бүтөрүнө 17 секунда калганда Keн Mатсуи чеберчилик менен 4 упайлык ыкма жасап, жеңишти илип кетти”, -деди машыктыруучу Шухрат Ушуров.
Күрөштүн түрлөрү боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Таллин шаарында (Эстония) өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/krsh-djn-chempionaty-nurmuhammed-kolunda-turgan-kolonu-utturdu
Добавить комментарий ×