Күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын кимдер коргойт? Тизме

14 февраля 2020 17:12 707 Barometr
Поделиться в:
ok

Индияда өтө турчу Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын 22 балбан коргойт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттин агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, аталган чемпионатта Токио шаарында өтө турчу олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулат.

Азия чемпионаты Индиянын Нью-Дели шаарында 18-февралдан 23-февралга чейин өтөт.

Кыз-келиндердин арасында өлкө намысын Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Нураида Анаркулова менен Назира Марсбек кызы коргойт.

Грек-рим күрөшү боюнча курамадагылар:

  • Конушбаев Сардар
  • Шаршенбеков Жоламан
  • Шаршенбеков Тынар
  • Асыкеев Марлен
  • Царев Руслан
  • Ильяс уулу Ренат
  • Чоноралиев Самат
  • Салидинов Азат
  • Махмудов Бексултан
  • Ким Роман

Эркин күрөш боюнча кураманын курамы:

  • Мырзаназар уулу Бекболот
  • Жолдошбеков Улукбек
  • Абдуразаков Нургазы
  • Орозбеков Ислам
  • Джамбулов Бекжан
  • Будажапов Арсалан
  • Гамигаджиев Алигаджи
  • Керимкулов Чынгыз

Ссылка: https://barometr.kg/krsh-boyuncha-aziya-chempionatynda-kyrgyzstandyn-namysyn-kimder-korgojt-tizme



Добавить комментарий