Индиянын Соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял Кыргызстанга келет

23 декабря 2019 13:00 1163 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 20-декабрында КРнын Индиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Асеин Исаевдин Индиянын Соода жана өнөр жай Министри Пиюш Гоял менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаменти билдирди.

Жолугушуунун  жүрүшүндѳ тараптар соода-экономикалык кызматташуу жаатындагы жылдын алдын-ала жыйынтыгы, ошондой эле кийинки жылга пландар тууралуу сѳз кылышты. Бул жыл эки тараптуу иш-чараларды бай болгону белгиленип, бир катар багыттар боюнча Министр өз пикирин билдирди. Тактап айтканда, ал Кыргыз Республикасынан импортко чыгарууга мүмкүн болгон бир катар товарларды баса белгилеп ѳттү. Ошондой эле, ал дары-дармектердин баасын төмөндөтүү үчүн Кыргыз Республикасына Индиядан алынып келинүүчү дары-дармек препараттарын жеткирүүнү жеңилдетүү зарылдыгын белгиледи. Бул жагынан алганда, ал Кыргызстанда заманбап фармацевтикалык заводду куруу сунушун жогору баалады. Авиаташуучулар үчүн «Аба эркиндигинин бешинчи даражасын» ишке ашыруу Кыргызстанга туристтик агымдын көбөйүүсүнө өбөлгө болуусу белгиленген. Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-индия Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун кийинки жылдын биринчи чейрегинде Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашышты. Министр Пиюш Гоял Индия делегациясын ѳзү жетектеп барууга кызыкдар экенин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/krnyn-indiyadagy-atajyn-zhana-yjgarym-ukuktuu-elchisi-isaevdin-indiyanyn-sooda-zhana-nr-zhaj-ministri-piyush-goyal-menen-zholugushuusu



Добавить комментарий