Криштиану Роналду "Ювентус" футбол-клубу үчүн алгачкы голду киргизди

14 августа 2018 03:25 1945 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду "Ювентус" футбол-клубу үчүн алгачкы голду киргизди. Оюн  12-августта Италияда "Ювентустун" негизги жана жаштар курамасынын ортосунда жолдоштук беттеш катары өттү. Криштиану негизги командада ойноп, беттешти алгачкы гол менен ачып берди. 

Маалыматтарга ылайык, Роналду биринчи расмий оюнду 18-августта Италиянын биринчилигинин алкагында "Кьево" клубу менен ойнойт. 

Эске салсак, футболчу "Реал Мадрид" клубунан "Ювентус" футбол командасына өткөн жана  оюнчунун өтүшү 112 миллион еврого бааланган. 

Ссылка: https://barometr.kg/krishtianu-ronaldu-yuventus-futbol-klubu-chn-algachky-goldu-kirgizdi



Добавить комментарий