Криштиану Роналду апасына 100 миң евролук машина белек кылды

4 мая 2020 17:29 4413 Barometr
Поделиться в:
ok

“Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду апасы Мария Долорешге энелер күнүнө карата Mercedes GLC Coupe автоунаасын белек кылды.

Португалияда энелер күнү 3-майда белгиленет. Андыктан футболчу апасына өзгөчө белек тартуулады.

“Балдарымдын бүгүн мага берген белегине абдан чоң рахмат. Энелер күнү кут болсун”, — деп жазды Мария Долореш.

Белек кылынган автоунаанын баасы 100 миң еврону чапчыйт.

Эске салсак, футболчунун апасы жакында эле инсульт болуп ооруканага жатып чыккан. 




Ссылка: https://barometr.kg/krishtianu-ronaldu-apasyna-100-mi-evroluk-mashina-belek-kyldy



Добавить комментарий