КРдин Россиядагы элчилиги 26-майда боло турчу каттамга билет сатып жатабы? Расмий жооп
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 26-майда "Аэрофлот" компаниясынын Кыргызстанга болчу каттамына элчилик билет сатып жатыптыр деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.
«Ар кандай алдамчылар, аферисттер социалдык тармактарда, вотсап тайпаларда 2020-жылдын 26-майында “Аэрофлот” авиа компаниясы тарабынан аткарыла турган каттамга Элчилик тарабынан деп билеттер сатылып жаткан фактылар катталып жатат. Элчилик бул жалган маалымат жана ал сатылган билеттер ишке жарабай турганын эскертет», — деп айтылат маалыматта.
Азыркы кезде ошол жалган маалымат тараткан жана билет саткан адамдар боюнча иликтөө иши жүрүп жатат.
Мындай жалган маалымат таратып, жалган билет сатып, элди дүрбөлөңгө салган аракеттери үчүн ал адамдар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.
«Аталган каттамга билеттер Элчилик тарабынан түзүлгөн тизме боюнча гана сатыларын эскертебиз. Билеттерди аэропорттон “Аэрофлоттун” кассаларынан гана алыш керек. Башка жактардан билет сунуштагандарга ишенбегиле. Бул каттам менен тизмеге жазылган боюнда бар аялдар жана эки жашка чейинки балдары бар энелер гана билет алып кете алышат», — деп элчилик Россиядагы кыргызстандыктарга кайрылды.
Добавить комментарий ×