КРдин хоккей федерациясы кыргыз улутундагыларды ойнотпой жатканын депутат айтып чыкты

5 марта 2020 14:44 704 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Кыргызстандын хоккей боюнча федерациясы курама команданын катарына кыргыз улутундагыларды албай, аларды ойнотпой жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Депутаттын ырасташынча, ага спортчулар кайрылып, аталган федерациянын кылыктарын изилдеп чыгып берүүнү өтүнгөн.

“Мага спортчулар хоккей федерациясы боюнча кайрылышты. Алар курамада ойногон балдар экен, акчаны Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги которуп берет экен. Бирок федерация кыргыз улутундагы спортчуларды ойнотпой, мелдештерге бир ай калганда, же бир жума калганда легионерлерди алып келип, бөлөк улуттагыларды ойнотушат экен. Эл аралык турнирлерге өзүлөрүнүн тааныш-билиштерин алып кетишет экен. Бир эл аралык турнирлерде жалаң орус улутундагылар ойногон экен, ал билинип калып аларды четтетип салышыптыр”, — деди ал.

Депутат ага кайрылган спортчулардын айткандарында жүйө бар экенин билдирип, өкмөт бул ишти иликтеп чыгышын суранды.

“Акчаны мамлекет которуп берип жаткандан кийин хоккей федерациясы өзүм билемдик кылып легионерлерди алып келип, биздин өзүбүздү спортчуларды — кыргыздарды ойнотпостон эмнеге мындай иши кылып жатканын түшүндүрүп бергиле”, — деп эл өкүлү талап койду.

Ссылка: https://barometr.kg/krdin-hokkej-federaciyasy-kyrgyz-ulutundagylardy-ojnotpoj-zhatkanyn-deputat-ajtyp-chykty



Добавить комментарий