Күрүч суусу менен арыктап, терини тазалап, чачты калыбына келтиребиз

8 января 2019 11:50 19255 3 Barometr
Поделиться в:
ok

Күрүч суусу аркылуу терини тазалоо

Күрүч суусу В, С, Е витаминдеринен жана минералдардан турат. Бул курам терини жумшартат, түсүн агартат. Ошондой эле, бул аркылуу күндөн терини коргоого болот.

Ошону менен күрүч суусун кандай даярдаса болору тууралуу атактуу рецепти сунуштайбыз. Терини тазалоо үчун алгач ак күрүч менен кадимки суу керек.

  1. Чаң, кирден тазалап алуу үчүн 1 кесе ак күрүчтү жууп алабыз.
  2. Тазартылган күрүчтү жылтыр, эмальданган табакка салып, 15 мүнөткө коюп коёбуз. Бул убакытта минералдар менен витаминдер сууга сиңет.
  3. 15 мүнөт өкөндөн кийин, сууну чыныга куюп алыңыз. Ал эми күрүчтү таштабаңыз, кийин тамак жасай берсеңиз болот.

Куюп алынган күрүч суусу менен бетибизди жуйбуз. Жана 1 мүнөт бетибизди жеңил укалайбыз. Болду! Бир жолу жасагандын өзүндө натыйжасын байкоого болот.

Бул күрүч суусун герметикалык контейнерге муздаткычта, 5 күндөн ашырбай сактоо керек.

Чачка арналган күрү суусу

Күрүч суусу сиздин  чачыңызга да пайдалуу. Эгерде ушул күрүч суусу менен чачыңызды жуй турган болсоңуз, чачыңыздын жумшактыгы менен жылтыраган натыйжасына кол жеткиресиз.

Арыктоого арналган күрүч суусу

Эгерде күрүч суусун арыктоо үчүн пайдалана турган болсоңуз, анда күрүч суусун башкача даярдоого туура келет. Ал үчүн сизге күрүч кайнатмасы керек. Ошондой эле, күрүчтү кайнаткан кезде, сууну буга чейинки рецептке карганда көбурөөк куюш керек болот. Даяр болгон күрүч кайнатмасы-ушул сизге кереги. Бул эң оңой ыкмасы. Арыктоо үчүн, күрүч кайнатмасын эртең мененки тамакка чейин ичүү кажет.

Арыктоо үчүн колдонулган күрүч суусунун азиялык рецепти:

  • чөйчөк күрүчтү 3-4 чыны сууга салуу.
  •  түнгө жакын даяроо кажет. Газ плитасына жай отко 2-3 саатка коюу кажет.
  • даяр болгон кайнатманы 1 күн ичинде ичип бутүңүз, туз кошсо да болот.

Ар бир тамак кем дегенде 650 калориялуу болсо, күрүч кайнатмасы бар болгону 150 калориялуу. Мындай калория аркылуу сиз 1 жумада 1 килограмды оңой таштай аласыз.

Ушундай оңой ыкмалардын жардамы менен ар дайым келишимдүү болуп жүрүүгө болот!

Ссылка: https://barometr.kg/krch-suusu-menen-aryktap-terini-tazalap-chachty-kalybyna-keltirebiz



Добавить комментарий