Бишкек-Ош унаа жолунда көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт
Поделиться в:
2019-жылдын 30-декабрынан 31-декабрына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.
Добавить комментарий ×