Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылып калды

18 декабрь 2018 10:56 914 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 90-100-чакырым аралыгында кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

 Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 1000м3 түзөт. Бүгүн 18-декабрь күнү саат 06:40 чамасында түшкөн кар көчкүдөн улам унаа жол бир тараптуу жабылган. 

Алдын ала берилген маалыматтар боюнча көчкүдөн  жабыркагандар жана каза болгондор жок.

 Учурда жолду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/krasnaya-gorka-ak-tash-unaa-zholuna-kar-kchk-tshp-zhol-ubaktyluu-zhabylyp-kaldy



Добавить комментарий