Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын азайтуу максатында КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

5 июня 2020 11:15 687 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо боюнча кечиктирилигис чараларды көрүү максатында кабыл алынган.

Аталган өзгөртүүлөр менен жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн же аларга теӊдештирилген адамдардын коопсуздугун камсыздоо максатында үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектүү адамды 48 саатка чейин кармоо чарасы каралган.

Тактап айтканда, 504-берене толукталган, 3-1-бөлүк менен үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгы боюнча шектелген адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:

1) эгерде жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн же аларга теӊдештирилген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна шектүү адам тарабынан  реалдуу коркунуч бар болсо;

2) эгерде шектүү алкоголго жана анын башка түрүнө мас абалында болсо жана ал жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрү же аларга теӊдештирилген адамдар үчүн коркунуч келтирип жатса;

3) эгерде шектүү жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн же аларга теӊдештирилген адамдарды кордоону, аларга коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыӊдоону, басмырлоону улантат деп болжогонго мүмкүндүк берүүчү негиздер бар болсо.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/kr-zhazyk-processtik-kodeksine-zgrtlr-kirgizildi



Добавить комментарий