КР премьер-министри ЕӨАКнын кезектеги жыйынына катышат

27 июля 2018 02:20 1095 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык Кеңешинин 2018-жылдын 27-июлунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү кезектеги жыйынына катышатБул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматты камсыздоо бөлүмүнөн билдирди. 

Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелери каралат.

Анын ичинде Биримдиктин мамлекеттерин санариптик өнүктүрүү, энергетика жана транспорттармактарында, транзиттик товар, бажы кызматташтыгы темаларын, ошондой эле ЕАЭБ ченемдик-укуктук базасын жакшыртуу жана башка актуалдуу маселелерди талкуулоо күтүлүүдө.

Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйыны ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн: Армения Республикасынын, БеларусьРеспубликасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчыларынын катышуусунда өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kr-premer-ministri-eaknyn-kezektegi-zhyjynyna-katyshat



Добавить комментарий