Көк-бөрү федерациясынын президенти: "Кыргызстан казактардын көк-парына ойнобойт"
Бүгүн жаштар иштери, дене тарбия жана Кыргызстандын спорту боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов маалымат жыйынында "Биз көп-пар ойнобойбуз" деп билдирди.
Ага кошумча:
"Биз бир жолу биз көк-пар ойногонго барганбыз, бирок бизди уят кылышкан (Казакстанда)", -деди Аманкулов.
Мындай пикирин ал 14-февралда Казакстанда 10 өлкө кирген улак-көк-пар дүйнөлүк бирикмеси тарабынан уюштурулган расмий иш чара тууралуу айтып жатып билдирди. Алар өзүлөрунүн эрежелерин кабыл алышкан. Мисалы жаракат алуу коркунучу бар деп тай-казанды алып салышыптыр, ага кошумча улактын ордуна муляж колдонунууну туура көрүшкөн. Кыргыздын көк бөрүсү менен казактын көк-парынын ортосунда атаандаштык болгондуктан бул жаңылык Кыргызстан мамлекетинин коомчулугунда тынчсызданууну жаратууда. Анткени эки өлкө да өздөрүн бул оюндун байыркы уюштуруучулары катары карап, өзү каалагандай кылып иштеп чыгууга аракет кылып келишет.
Мындай тынчсызданууну токтотуу максатында бугүн Канат Аманкулов менен КР көк-бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов маалымат жыйынын өткөрдү, бирок биз азыркы учурда атаандаштарыбыздан артта калып жатканыбызды кошумчалашты.
Саматовдун айтымында Кыргызстанда Эл аралык көк-бөрү федерациясы бар. Ага тай-казан менен ойногон 16 өлкө жана Россиянын 8 субъектиси кирет.
Казактардын ассоциациясынын түзүлүшү федерациянын таркашынан кабар бербейт, федерация ассоциациядан жогору тарат деп кошумчалады Саматов.
Жадакалса Казакстандын 90%ы тай-казан менен ойношот. Бул жерде болгону 5-6 адам чогулуп алып өздөрүнүн эрежесин ойлоп табышкан, деди ал.
"Быйылкы жылы Өзбекистанда өтүүчү көк-бөрү боюнча чемпионат көк-бөрүнүн эрежеси менен өтөт. Биз Өзбекистанга тай-казандарды орнотуу үчүн жардам беребиз", -деп кошумчалады Саматов.
Ал эми Аманкулов бул болгону эки өлкөнүн ортосундагы оюнга эгедерлик кылуу үчүн болгон аракет экенин эске алып:
"Тай-казандан жаракат алуу коркунучу бар деген бул жөн гана шылтоо. Бул жерде маселе башка нерседе", -деген пикирин айтты.
Эске салсак, казак эли жаракат алуу коркунучу бар деген негизде тай-казандан баш тартышууда. Анда жерге тегерек айлана даярдалып муляж ошол жерге ташталат. Ал эми кыргыз тарап бул оюндун кызыгын кетирээрин айтууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kr-kk-br-federaciyasynyn-prezidenti-kyrgyzstan-kazaktardyn-kk-paryna-ojnobojt
Добавить комментарий ×