КР Эл баатыры Мамбет Мамакеев Гиннесдин рекорддор китебине катталат

5 декабря 2018 13:00 8592 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Журналист Элнура Кулуева өзүнүн фейсбуктагы жеке баракчасына “хирургдардын атасы, академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев 30 миң операция жасаганы үчүн Гиннес рекорддор китебине киргени турат. Мына позитив жаңылык!” – деп жагымдуу маалыматты жар салды. Социалдык тармактын колдонуучулары да бул кабарды кубатташып, каалоо-тилектерин жазып жатышат.

Аталган маалыматты тактоо максатында Barometr.kg сайтынын журналисти тийиштүү өкүлдөргө байланышка чыкканда, академик Мамбет Мамакеев 3 номинация боюнча сунушталып жаткандыгын билдиришти. Журналист Элнура Кулуева да “бул боюнча процесс жаз айларында башталат экен” деп кошумчалады.

Белгилей кетсек даңазалуу хирург, дарыгерлердин сап башы, миңдеген бейтаптарга шыпаа берген Мамбет Мамакеев 65 жылдык иш тажрыйбасында 30 миңге чукул операция жасаган. Бул тууралуу өзүнүн тастыктаганы бар. Чарчап кеткен учурда операцияларды креслого отуруп алып жасайт. Күнүгө үч-төрт, кээде жети-сегиз бейтап колунан өтөт.

200дөн ашык илимий эмгектин автору. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу, ошондой эле бейтаптарга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган.

Ссылка: https://barometr.kg/kr-el-baatyry-mambet-mamakeev-ginnes-rekorddor-kitebine-kattalat



Добавить комментарий