Көптөн күткөн тойго бир кадам! Максат Садырбеков сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын колун сурады (сүрөт, видео)
Нон Стоп дуэтинин мурдагы солисти Максат Садырбеков сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын колун сурады. Бул тууралуу түгөйлөрдүн достору, сахналаштары инстаграм баракчаларынан жазып чыгышты.
Максат менен Айсулуу берген маектеринде:
"Сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 8 жылдан ашты", -деп айтып келишсе эми минтип баш кошуу алдында турат.
Максат Айсулуунун колун суроого өзгөчө даярданганы видеолордон көрүүгө болот.
8 жыл айтууга оңой болгон менен бир топ убакыт болгондуктан көпчүлүк Максаттын акыры бул кадамга барганына сүйүнгөндөрүн жазып калтырышууда.
Айрымдар "Айсулуу азамат, ушунча күттү", "бактылуу болгула" дешсе башкалар "Айсулуу биз сенден да көп күттүк бул күндү" деп эки жашка жылуу пикир жана жакшы калоо-тилектерин жазып калтырышууда.
Добавить комментарий ×