1-2-октябрларда Кыргызстанда түнкүсүн үшүк жүрүшү күтүлөт
1-2-октябрларда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.
30-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы
Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
2019-жылдын 30-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы төмөндөп: 30-сентябрда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 12…17°, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 15…20°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kpchlk-ajmaktarda-mezgil-mezgili-menen-zhaan-zhaashy-ktlt
Добавить комментарий ×