Дастан Шаршеев: Нарында мектеп курганга 10 тонна цемент түшүрүп берүүгө даярмын

5 сентябрь 2019 13:10 4821 15 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чемпион кикбоксер Дастан Шаршеев соцтармактан кыргызстандыктарга кайрылды.

"Урматтуу элим, кечээ жакында ачылган контейнер мектеп тууралуу көп деле сөз жазбайын. Кыскасы, жүрөк оорута турган маселе болду. Ал жерге барган 6 чиновниктин өздөрүнүн балдары окуган мектеп тууралуу кимде кандай маалымат болсо, чыгаруунуздарды өтүнөм. Себеби, Президент айтып кеткендей "мамлекеттик кызматкер жеке байлык топтоо үчүн, мамлекеттик кызматка келбеши керек".  Алар өздөрүн кызыкчылыктарын, элдин кызыкчылыгынан өйдө койбош керек.  Айрыкча аким, айыл өкмөттөр карапайым элге жакын болгондуктан элдин көйгөйүн максималдуу түрдө чечүүгө милдеттүү деп эсептейм!   Мен өзүмдүн жоро-жолдошторум менен Кеңеш айылына 10 тонна цемент түшүрүп берүүгө даярмын. Кимге, кайсы жакка байланышка чыгаарыбызды билбей турабыз. Кайсыл жакка алып келип, түшүрүп бергиле десе алып барып беребиз. Көп түкүрсө көл болот, кимдин колунан дагы кандай жардам келсе, кол сунуңуздар!", - деп жазды чемпион.

Ссылка: https://barometr.kg/kp-tkrs-kl-bolot



Добавить комментарий

  • Асылбек 5 лет назад
    Баракелде 👍👍👍
  • Омурлуу бол. Элдин аоасында сага окшош жигиттер коп болсо экен. Жамандык корбо. Элдин батасы тийсин.
  • Азаматтар Ала-Тоонун арстандары!
  • Азаматсын сендей намыстуу жигиттер коп болсун
  • Кылымбек 5 лет назад
    Алга Кыргызстан братан жениш кут болсун
  • Молодец сиздей адамдар көп болсун
  • Алла ыраазы болсун чемпион.. Машалла
  • Ар ким ар кайсыны айтышы мунун счет ачтык деп, мен ошол айыл тургуну катары патирот кыргыз жигиттери алдамчылык менен өз камын ойлоп счет ачып, шылуундук кылган адамдарга алданып калбасын деп ойлойм. Азырынча айыл жаштары талкууга алып жатышат. Байланышкан айыл жаштарына чыгып кор. Ишинде ийгилик болсун, Аллахым колдосун.
  • Азаматсынар колунуздарда болсо эч бир адам жардам бергенден тартынбаш керек сиздерге ак жол
  • элдин батасы тийсин, омурлуу бол, кагылайын. Сендей азаматтар кобойсун
  • кубаныч 5 лет назад
    Аллах денсолук берсин дастан
  • Молодец! Ийгилик ишинизге, Кудай колдосун сизди! чондор эмес мен коруп алып уялып турам , ачылышын кылган адамдар жерге кирээрге тешик жок окшойт.😥😡
  • Азаматсын Дастан! Сендей инилерим коп болсун.
  • Рахмат балам кийинки муундарга улгу болчу силер, элдин батасын, алкышын ал!!!