Кожобек Рыспаевди КСДП фракциясынан чыгаруу маселеси каралды

28 сентября 2018 18:40 1136 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 28-сентябрда  Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын отурумунда депутат Кожобек Рыспаевди фракциянын курамынан чыгаруу маселеси каралды. Бул боюнча жыйын  жабык эшик артында өтүп, акыркы чечим кийинки жумада кабыл алына турган болду. Фракция лидери Иса Өмүркулов Рыспаевди фракциядан чыгаруу үчүн талкуу кызуу жүргөнүн бирок чечим кабыл алынбаганын айтты. Бул маселе боюнча чечим кийинки жумадагы жыйында каралмакчы.

Ссылка: https://barometr.kg/kozhobek-ryspaevdi-ksdp-frakciyasynan-chygaruu-maselesi-karaldy



Добавить комментарий