Космосбек Чолпонбаевдын жүрөгү кармап ооруканага жеткирилди
Поделиться в:
Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жүрөгү кармап ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу анын жакындары берген маалыматка таянып «Барометр” билдирет.
Экс-министр ооруканага жүрөгү кармап жеткирилген. Ошондой эле андан пневмония илдети да аныкталды.
Бүгүн Чолпонбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылган. Ден соолугуна байланыштуу ал Финполго барган эмес.
Эскерте кетсек, Чолпонбаевге дары-дармектерди чет өлкөгө мыйзамсыз сатуу айыбы тагылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kosmosbek-cholponbaevdyn-zhrg-karmap-oorukanaga-zhetkirildi
Добавить комментарий ×