Кош бойлуу кыз денесине "сүрөт" тарттырам деп майып болуп калды
Калумбиянын жараны Луиза Фернанда кош бойлуу кезинде денесине ийне менен сүрөт тарттырам деп вирус жугузуп алып майып болуп калды.
Бул тууралуу жергиликтуу ммклар билдиришти.
Денесине ийне менен сүрөт тарттырган кыз болгону 16 жашта. Ал сүрөттү оң жак көкүрөгүнө тарттырган. Анын натыйжасында ооруну пайда кылуучу вирус денеге кирип, арткы нерв клеткаларына чейин тарап кеткен. Ага кошумча аппендицит оорусу да күч алып операция болгон. Көптөгөн дарыларды кабылдаганы үчүн бала боюнан түшүп калган. Дарыгерлердин айтымында Луиза мындан ары таптакыр баспай калышы мүмкүн.
Бул окуядан кийин кыз психикалык жактан жабыркап психотерапевке кайрылууга аргасыз болгон.
Фернанда журналисттерге жана өзү сыяктуу жаш секелектерди эскертүү максатында: "Мага эми баса албай калаарымды угуу оңой болгон жок. Мага апам абдан колдоо көрсөттү" -деп маалымат берди.
Фернанда азыркы учурда жаңы операцияга акча чогултууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kosh-bojluu-kyz-denesine-srt-tarttyram-dep-majyp-bolup-kaldy
Добавить комментарий ×