Кош бойлуу кездеги төшөк кумары
Кош бойлуу учурда төшөк кумарына батуу канчалык аял үчүн кооптуу жана кооптуу эместиги боюнча адистер жооп берет.
Аялдар кош бойлуу учурда өтө сезимтал келет. Бирде таттуу, бирде ачуу жегиси келип. Бул да болсо мындай учурда аялдарда гормоналдык өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу. Мисалга, кош бойлуу болгон учурда айрымдардын секске болгон табити артса, айрымдарыныкы такыр эле көңүлү келбей калат.
Ага карай көпчүлүк айымдар балдарынын коопсуздугун ойлоп калат. Тагыраак айтканда 45% аялдарда төшөк кумарына болгон табит жоголсо, 20% аялдарда тетирисинче күчөйөт экен.
1.Кош бойлуулуктун алгачкы үч айында аялдардын секске болгон кумары жоголот. Анткени дал ушул учурда аларда гормоналдык өзгөрүү, көкүрөктөрү чоңоюп, көп нерсе жакпай кусуп, улам эле уйкусу келе берет.
2.Ал эми төрт айдан баштап гормоналдык өзгөрүү азайып, аялдарда төшөк кумарына болгон каалоо пайда болот. Адистер мындай учурда каалаган ыкмада төшөк кумарына батуу кооптуу эместигин эскертет.
3.25-40 жума аралык. Бул учур аялдарга ыңгайсыздык жараткан учур. Мында төшөк кумары эмес, аялдар жакшы уктай да албай калат. Бир тараптан мындай учурда төшөк кумарына бат-баттан батуу өтө пайдалуу экендигин адистер белгилеп өтөт. Ал да болсо, төрөгөнгө алда канча жеңил болмокчу.
Кандай учурда секстен баш тартуу керек
Кош бойлуулуктун 4,8 жана 12 жумалыгында. Мурда аборт кылгандарга, жатын сезгенип калганда жана келечектеги аял үчтөн ашуун бала күтүп жатканда төшөк кумарынан баш тартуу керектигине адистер кеңеш берет.
Ссылка: https://barometr.kg/kosh-bojluu-kezdegi-tshk-kumary
Добавить комментарий ×