Кош бойлуу аялды көңүлдөшү сабап салды

13 мая 2019 13:35 5175 Barometr
Поделиться в:
ok

Мариям аттуу аял өзүнөн бир канча жашка улуу эркек менен таанышып, кош бойлуу болуп, аны үй-бүлөсүнөн тартып алууну пландаган. Бирок, бардыгы тескерисинче болгондугун     alashainasy.kz маалымат булагы кабарлады.

Көңүлдөш болгон эркек Мариямга дароо эле эскертип, ажырашпай тургандыгын жана балдарын таштабай тургандыгын айткан.

Мариям өзүнүн Арлан аттуу сүйүктүүсү аялы тууралуу көп даттанып, аны сүйбөстүгүн, үйүнө эч качан шашылбагандыгын, түнөп калууга суранып келгендигин, бирок, үй-бүлөсүн таштап кетпегендигин айткан.

Эркекти өзүнө тартып алуу максатында ал атайын кош бойлуу болгон. Бирок, мындай жаңылыкка Арлан тескери мамиле кылып, Мариямды сабап салган.

«Ар күнү мага таттуу сөздөрдү арнап келген адам менин кош бойлуу экенимди билип, мени сабады»,-деген ал.

Аялдын айтуусунда көңүлдөшү аны алдамчылыкка айыптап, ал тургай бала андан эмес экендигине шектенүү менен боюнан алдырып салууну айткан. Бирок Мариям экөөнүн мамилеси так ушундай аяктагандыгына сүйүнөөрүн айткан. Бир гана “сүйүктүүсүнүн” чыныгы жүзүн билбей, эки жыл убактысы текке кеткендигине өкүнгөн.

Мариям: «Мен сокур болуптурмун. Балким Кудай мени боло турган жаман нерселерден сактагандыр», - деп болжолдойт.

Ссылка: https://barometr.kg/kosh-bojluu-bolup-turmushka-chyguunu-kaalagan-ayaldy-kldsh-sabap-saldy



Добавить комментарий