Кош бойлуу аялдарга эмнеге косметикадан баш тартышы керек?
Кош бойлуу кезде курамында фталаттар бар химиялык заттарды, косметикалык каражаттар менен парфюмериялык куралдарга колдонуу - убакытынан эрте төрөп коюууга алып келет. Бул тууралуу “Medical News Today” маалымдайт.
Фталаттар пластикалык буюмдарга бекемдүүлүк, жумшактык, ийилчектик касиеттерди бериш үчүн колдонулат. Ошондой эле, косметикалык куралдар - чачка арналган шампуньдар, лактар менен тырмакка арналган лактарды эритүүчү атайы химиялык зат катары кеңири пайдаланылат.
Ушуга чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларында фталаттар менен гормоналдык баланс арасында байланыштын бар экендигин көрсөттү. Ал эндометриоз менен көкүрөк рагынын пайда болуусуна алып келүүсү мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/kosh-bojluu-ayaldarga-emnege-kosmetikadan-bash-tartyshy-kerek
Добавить комментарий ×