Кош бойлуу аялдар кандай тамак-аштан баш тартуу керек?
Кош бойлуу аялдар төмөнкү азыктарды ашыкча өлчөмдө колдонсо, баланын ден соолугуна зыяндуу. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Витамин А
Кош бойлуу аялдар А витаминин өлчөмүн 1500 микрограммдан ашык колдонбошу керек. Анткени, ашыкча колдонуу баланын бат чоңоюп кетүүсүнө алып келет.
Витамин Е
Окумуштуулардын айтымында Е витаминин ашыкча колдонуу, баланын тубаса жүрөк оорусун пайда кылышы мүмкүн экен.
Кофе
Изилдөөлөргө таянсак мурда кофе ичүү кош бойлуу аялдар үчүн андай деле кооптуу эмес деп келишкен. А бирок, акыркы изилдөөлөр боюнча кош бойлуу аялдар организмге ашыкча кофеин пайда болбош үчүн, кээде бир стакан кофе ичип койсо боло тургандыгын айтышты.
Тез татым тамак-аштар
Мисалга, консерваланган балык жана кадимки туздалган балык, кош бойлууларда бактериянын пайда болушуна түрткү болот.
Эттин түрлөрү
Эксперттер балык, эт жана тоок эттерин жакшы бышырылган же атайын лабароториялык көзөмөлдөн өткөнүн гана жегенди сунуш кылат.
Ссылка: https://barometr.kg/kosh-bojluu-ayaldar-kandaj-tamaktan-ashtan-bash-tartuu-kerek
Добавить комментарий ×