Коронавирус: Кыргызстанда тышкы таасирлердин кесепетин азайтуу боюнча республикалык штаб түзүлдү
Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.
Республикалык штабды экономикалык маселелерге жооп бере турган вице-премьер-министри Эркин Асрандиев жетектейт. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев, ошондой эле экономика министри Санжар Муканбетов штабдын төрагасынын орун басары болуп эсептелет.
Штабдын биринчи жыйыны болуп, анын алдындагы маанилүү милдеттер жана маселелер белгиленип, каралды. Тармактык мамлекеттик органдарга тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана ата мекендик өндүрүштү өбөлгөлөө боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча тапшырмалар берилди.
Эске салсак, өлкөнүн экономикалык коопсуздугу маселелери боюнча Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында Өкмөткө тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча республикалык штаб түзүү сунушталган.
Республикалык штабдын мүчөлөрү: финансы министри, айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри, тышкы иштер министри, саламаттык сактоо министри, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасы, монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору, мамлекеттик бажы кызматы, мамлекеттик салык кызматы, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору, мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы, улуттук банктын төрагасы, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэри, Ош шаарынын мэри, президенттин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүм башчысы; өкмөттүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кредиттик саясат бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнөр жай комплекси жана экология бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен иштетүү бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүм башчысынын орун басары
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustun-zhajylyshy-boyuncha-respublikalyk-shtab-tzld
Добавить комментарий ×