Коронавирустун Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири эки жылга чейин сезилиши мүмкүн
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири эки жылга чейин барышы ыктымал экенин парламентте айтты.
Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдөгү бизнес, экономикалык абал өз нугуна түшүшү үчүн жок дегенде алты ай керек экенин кошумчалады.
“Азыр планды бир жылга чыгаралы деп жатабыз. Себеби, май айына чейин тастыктасак дагы оорунун жугуу коркунучу бары бир калат. Бизнес өзүнүн кабылына келиши үчүн жок дегенде алты ай керек. Элибиздин кирешеси өзүнө келип, бизнес калыбына келгенге ушунча керек. Азыр бир жылга чейин деп жыл аягына чейин чыгаралы, ошоунун негизинде экинчи жылга дагы эсептерин берели. Менин оюмча мунун бюджетке жана экономикага таасири эки жылдык деп ойлойм”, — деди ал.
Буга чейин эл өкүлдөрү мамлекет насыясы барларга аны төлөөдө каникул берүү керектигин сунуштаган болчу. Себеби, коронавирустан улам ишкерлердин иши бир топ солгундап кеткен.
Добавить комментарий ×