Коронавирустун алдын алуу иш-чараларына тартылган укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө компенсация төлөнөт

13 мая 2020 09:26 1449 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөчө абал режими учурунда коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча иш-чараларга тартылган укук коргоо органдарынын, тиешелүү түзүмдөрдүн аскер кызматкерлеринин бардык тийиштүү компенсациялык төлөмдөрү төлөнөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин отурумунда билдирген. 

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып буга чейин парламенттин жыйынында айтылган анын сөзү контексттен тыш чечмеленгенин белгиледи. 

«Тийиштүү мыйзам, Өкмөттүн чечимдери бар жана биз аларды аткарабыз. Бул маселе боюнча көйгөй жок. Акча каражаты бар», - деди өкмөт башчы.

Ал баса белгилегендей, пенсияларды, айлык акыларды, жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча маселе жок.

Эске салсак, ӨА жана ӨК учурунда ири шаарлар менен облус, райондорго коюлган блокпосттордо укук коргоо органдарынын өкүлдөрү күзөтүп, тартипти жана элдин ары бери каттоосун жөнгө салып турду. Укук коргоо органдарында иштегендердин арасында дагы коронавирус илдетин жуктуруп алгандар бар.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustun-aldyn-aluu-ish-charalaryna-tartylgan-ukuk-korgoo-organdarynyn-kldrn-kompensaciya-tlnt



Добавить комментарий