Коронавирустан улам экономикасы “алдыга” кеткен мамлекеттер аталды
Австралия, Жаңы Зеландия жана Түштүк Корея коронавирус эпидемиясынын жайылып кетишин тез ооздуктап, экономикасын калыбына келтире алды. Мындай абал аталган мамлекеттерди башкаларга салыштырмалуу оорудан пайда алууга алып келди.
BK Asset Management компаниясынын валюталык стратегия боюнча башкаруучу директору Кэти Лин CNBC телеканалына берген маегинде төмөнкүлөргө токтолду.
“Бул мамлекеттер коронавирус менен натыйжалуу күрөшүүдөн кийин экономикасын калыбына келтире алышы менен алар АКШдан дагы озуп кетишти. Демек жагымдуу шар алардын экономикасынын өсүшүн шарттап, валютасы күчтөнөт дегенди түшүндүрөт”, — деди ал.
Австралиянын Улуттук банкынын экономика жана рынок боюнча директору Тапас Стрикленд Азиядагы мамлекеттер коронавирус менен күрөшүүдө Европа жана АКШга караганда ийгиликтүү жыйынтык көрсөткөнүн айтат.
Пандемияны ийгиликтүү ооздуктап, экономикасын кыска убакыттын ичинде калыбына келтире алган мамлекеттердин катарында Кытай дагы бар. Учурда токтоп калган ири завод, ишканалар ишин жандандырып жатат. Бул мамлкеттер инвестор үчүн жагымдуу шарт түзүп, улуттук валютасын чыңдап алышты.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-ulam-ekonomikasy-aldyga-ketken-mamleketter-ataldy
Добавить комментарий ×