Коронавирустан каза болгондордун саны күн санап өсүүдө

12 февраля 2020 09:40 802 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирустан каза болгондордун саны 1113 кишиге жетти. Ал эми дарт 44,6 миң кишиге жуккан. Ошол эле маалда вирустан 4740 киши айыкканын Кытайдын саламаттык сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматында айтылат.

Аны менен катар вирус жуккан кишилер менен аралашкан 185 миң киши дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө турат.

Акыркы бир суткада эле 2015 жаңы учур аныкталып, 97 киши каза болгон. Ал эми 871 кишинин абалы кескин оорлогон.

Кытай бийлиги 2019-жылы 31-декабрда Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюмду Ухань шаарында пневмания дартын күчөткөн белгисиз вирус тууралуу кабардар кылган. Аталган уюм тездик менен жайылып, адам өмүрүн алып жаткан вируска COVID-2019 деген ат ыйгарган.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-kaza-bolgondordun-sany-kn-sanap-sd



Добавить комментарий