Коронавируска байланышкан тамашадан улам асманга көтөрүлгөн учак жерге конууга аргасыз болду

5 февраль 2020 12:44 778 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Канаданын WestJet компаниясынын Торонтодон Ямайканы карай учкан учагы жүргүнчүлөрдүн коронавируска байланышкан тамашасынан улам аэропортко кайтууга аргасыз болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Полициянын берген маалыматы боюнча жүргүнчүлөрдүн бири жакында эле Кытайга барып келгенин жар салган Учактын ичинде 243 киши болгон.

"Экипаждын мүчөлөрү окуя боюнча командирге маалымат берип, алар Торонтодогу аэропортко кайтуу чечимин кабыл алган", — деп айтылат маалыматта.

Учак жерге конгондон кийин 29 жаштагы киши тамашасы үчүн кармалган. Ага зыян алып келүү боюнча айып тагылды. Эми ал 9-мартта сотко барат.

Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын декабрь айында коронавирус чыккан. Акыркы маалыматтар боюнча вирус 425 кишинин өмүрүн алды.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын аймагында коронавирус катталган учур катталбаганын маалымдады.

Ссылка: https://barometr.kg/koronaviruska-bajlanyshkan-tamashadan-ulam-asmanga-ktrlgn-uchak-zherge-konuuga-argasyz-boldu



Добавить комментарий