Коронавирус жуктурган медкызматкерлерге 200 миң эмес, 100 миң сом төлөнөт
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен күрөшүп жатып, илдет жуктуруп алган жана андан каза болгон медициналык кызматкерлерге төлөнө турчу компенсациянын көлөмү аныкталганын билдирди.
Буга чейин илдет жуккан медкызматкерлерге компенсация иретинде 200 миң сом берилери айтылган. Эгер оорудан каза болсо бир миллион сом берилмек. Бирок кийин бул сунуш кайра кароого жөнөтүлгөн болчу.
Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус 830 кишиге жукканы ырасталды. Анын ичинде 216сы дарыгерлер. Ошол эле маалда 139 медкызматкер оорудан айыккан.
Төлөнө турчу компенсациянын көлөмү:
1. инфекциялык оору менен ооругандар – 1000дик эсептик көрсөткүчтөн кем эмес (КР Өкмөтүнүн чечими менен өзүнчө аныкталат). Бир эсептик көрсөткүч 100 сом экенин эске салабыз - ред.;
2. I топтогу майыптарга – ээлеген кызмат орду боюнча 10 жылдык маянасынын өлчөмүндө;
II топтогу майыптарга - ээлеген кызмат орду боюнча 8 жылдык маянасынын өлчөмүндө;
III топтогу майыптарга - ээлеген кызмат орду боюнча 5 жылдык маянасынын өлчөмүндө;
3. Алган жаракаты, травма, контузия алгандарга ээлеген кызмат орду боюнча маянасынын 10дон 20 эселенген өлчөмүнө чейин бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнүп берилет;
4. Курман болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө эсептешүү көрсөткүчүнүн 5000 эселик өлчөмүнөн кем эмес компенсация төлөнөт (КР Өкмөтүнүн чечими менен өзүнчө аныкталат).
Кызматкердин толук же жарым-жартылай багуусунда турган жогоруда аталган кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, алар үчүн жашоо каражаттарынын туруктуу булагы болуп саналган адамдардын акыркы ээлеген кызматы боюнча 20 жылдык маянасынын өлчөмүндө кошумча компенсация алышат.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zhukturgan-medkyzmatkerlerge-200-mi-emes-100-mi-som-tlnt
Добавить комментарий ×