Коронавирус жуккан Нарын шаарынын вице-мэринин абалы кандай экени айтылды
Нарын шаарынын вице-мэринен да коронавирус табылып, учурда ал тийиштүү медициналык дарылоодон өтүп жатат. Өмүрүнө коркунуч жарата турчу шарт жок. Мындай пикирин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
“Элден обочолонтуп кармап жатабыз. Абалы түзүк, кооптонууга негиз жок”, — деди Үсөнбаев.
Эске салсак, 20-майга карата Нарын облусунда 9 медкызматкерден дагы коронавирус табылган болчу. Министрдин орун басары алардын бардыгы тийиштүү дарылануудан өтүп жатканын айтты.
Андан сырткары илдет табылган контакт болгон кишилердин бардыгын аныктоо боюнча аракеттер улантылып жатканына токтолду.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zhukkan-naryn-shaarynyn-vice-merinin-abaly-kandaj-ekeni-ajtyldy
Добавить комментарий ×