Коронавирус жуккан медициналык кызматкерлердин саны 162ге жетти
Кыргызстан боюнча бир суткада коронавирус 5 медициналык кызматкерден табалып, жалпысынан оору жуккан медкызматкерлердин саны 162ге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Ал бир суткада катталган жаңы учур Ош облусунда – 1, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 3.
Үсөнбаев андан сырткары оору жуктурган медициналык кызматкерлердин арасында дарыгерлер, орто жана кенже медициналык кызматкерлер менен саламаттык сактоо мекемелеринин чарбалык иштеринде иштегендер бар экенин кошумчалады.
Бүгүнкү күнгө карата 45 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен 16 дарыгер, 18 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис.
Жалпы Кыргызстан боюнча 23-апрелге карата 631 кишиге коронавирус жукканы тастыкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zhukkan-medicinalyk-kyzmatkerlerdin-sany-162ge-zhetti
Добавить комментарий ×