Коронавирус жуккан бир бейтапты дарылоодо оордугуна жараша 118 миңден ашык сом кетет

25 апреля 2020 10:33 2193 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 665 кишиге жетти. Алардын бардыгы мамлекеттин эсебинен дарыланып жатканын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында билдирди.

Ал бейтаптарды дарылоодо кетип жаткан чыгымдарга токтолуп, алар дарттын оордугуна жараша ар кандай болорун айтты.

“Бейтаптардын дарты оордугуна жараша — жеңил, орто, оор жана өтө оор форма деп бөлүнөт.

Жеңил формага кеткен чыгым 7988 сом, орто формадагыга 16370 сом, оор абалдагыга 74 764 сом, өтө оор формадагыларга 118 807 сом чыгым кетип жатат”, — деди министр.

Абдикаримов андан сырткары ооруларды дарылоого кеткен чыгымдар улам эсептелип жатканын кошумчалады.

Ал ошондой эле 25-апрелге карата стационарда 312 бейтап бар экенин, алардын алтоосу реанимацияда экенин айтты. 345 киши оорудан айыгып, үйүнө чыгарылган.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zhukkan-bir-bejtapty-daryloodo-oorduguna-zharasha-118-miden-ashyk-som-ketet



Добавить комментарий