Коронавирус жуккан алты киши реанимацияга түштү
Поделиться в:
Коронавирус табылган алты киши учурда реанимацияда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
“Буга чейин бир киши реанимацияда болчу. Азыр дагы беш киши реанимацияга жаткырылды”, — деди ал.
Алардын жаш курагы 30-70 жашка чейин. Учурда аларга тийиштүү жардам берилип жатат.
Акматова акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда 44 кишиден коронавирус табылганы тастыкталганын айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zhukkan-alty-kishi-reanimaciyaga-tsht
Добавить комментарий ×