Жалал-Абад шаарынын мэри Мурат Тагаевден коронавирустун белгиси табылды
Поделиться в:
Жалал-Абад шаарынын мэри Мурат Тагаевден коронавирустун белгиси табылыптыр. Бул тууралуу Журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
"Мурат аке, ден-соолук тилейм, жакшы болуп кетиңиз. Кыйын күндөрдө эл аралап жүрдүңүз, ден соолукту тобокелге салып.
Күндөн-күнгө ылаң жугузгандардын саны көбөйүп эле бара жатат. Сак бололу, зарылчылык болбосо көчөгө, эл чогулган жерлерге чыкпаңыздар. Үй-бүлөө, ата-эне жакындардын саламаттыгына кам көрөлү. Абал оорлоп кетсе эч ким жардам бербейт, өзүбүзгө эле кыйын...
"Коронавирус жок, ал саясат, ойдон чыгарылган бийликтин оюну"-деген жаман адамдарга ишенбеңиздер", - деп кайрылды журналист.
Добавить комментарий ×